Жапырт камоолор: Дагы беш активист камакта калтырылды

Жапырт камоолор: Дагы беш активист камакта калтырылды

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган бир нече активисттин бөгөт чарасы каралды.

Маалыматка караганда, райондук соттун чечими менен Рита Карасартова, Бектур Асанов, Атай Бейшенбек уулу, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаевалар  20-февралга чейин камакта калтырылды.

Буга чейин да райондук соттун чечими менен Жеңиш Молдокматов, Мамбетжунус Абылов, Гүлнара Журабаева, Эрлан Бекчоро уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтү узартылган. Алар №1 тергөө абагында 20-февралга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>