Камактагы Асия Сасыкбаева 71 жашка чыкты  

18.12.2022 | 14:00

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип камалгандардын катарындагы саясатчы Асия Сасыкбаева бүгүн 71 жашка чыкты. Ал Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечими менен 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Асия Сасыкбаеваны партиялашы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дагы куттуктады.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып, 20-февралга чейин камакта калтырылган саясатчы, активист айымдар 14-декабрдан бери ачкачылык кармап жатышат.

Асия Сасыкбаеванын өмүр баяны 

Асия Сасыкбаева 1951-жылы 18-декабрда Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин “англис тилин окутуучу” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

– 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуп иштеген.

– 1983-жылдан 1991-жылга чейин Бишкек шаарындагы № 37 орто мектепте мугалим.

– 1991-1994-жылдары – Бишкек шаарындагы № 47 мектептин директору.

– 1999-жылдан 2001-жылга чейин “Сорос-Кыргызстан” фондунун Директорлор кеңешинин төрайымы.

– 2002-2003-жылдары – “Сорос-Кыргызстан” фондунун директолор кеңешинин мүчөсү.

– 1993-жылдан 2010-жылга чейин “Интербилим” эл аралык борборунун директору.

– 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары.

– Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин мүчөсү.

Сыйлыктары: “Даңк” ордени (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын (2012-ж.) алган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top