Камактагы Асия Сасыкбаева 71 жашка чыкты  

Камактагы Асия Сасыкбаева 71 жашка чыкты  

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип камалгандардын катарындагы саясатчы Асия Сасыкбаева бүгүн 71 жашка чыкты. Ал Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечими менен 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Асия Сасыкбаеваны партиялашы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дагы куттуктады.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып, 20-февралга чейин камакта калтырылган саясатчы, активист айымдар 14-декабрдан бери ачкачылык кармап жатышат.

Асия Сасыкбаеванын өмүр баяны 

Асия Сасыкбаева 1951-жылы 18-декабрда Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин «англис тилин окутуучу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуп иштеген.

— 1983-жылдан 1991-жылга чейин Бишкек шаарындагы № 37 орто мектепте мугалим.

— 1991-1994-жылдары – Бишкек шаарындагы № 47 мектептин директору.

— 1999-жылдан 2001-жылга чейин «Сорос-Кыргызстан» фондунун Директорлор кеңешинин төрайымы.

— 2002-2003-жылдары – «Сорос-Кыргызстан» фондунун директолор кеңешинин мүчөсү.

— 1993-жылдан 2010-жылга чейин «Интербилим» эл аралык борборунун директору.

— 2010-жылдын октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары.

— Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин мүчөсү.

Сыйлыктары: «Даңк» ордени (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын (2012-ж.) алган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>