Азиздер жана дүлөйлөр коомуна төлөм үчүн 50% жеңилдик берилет

Азиздер жана дүлөйлөр коомуна төлөм үчүн 50% жеңилдик берилет

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, республика боюнча “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: жеңилдик

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>