Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү өстүКыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экендиги айтылдыОшто коомдук жайда жүзүн жаап жүргөн 22 жаранга айып пул салындыАлымбек датканын 225 жылдык мааракеси Алайда белгиленетЖарым жылда Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млндой турист келди(U-20). Жантөрө Мирзалиев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды
Ооганстанда өрттөн 31 киши көз жумду
19.12.2022 | 22:23
Ооганстандын Саланг ашуусундагы тоннелден чыккан өрттөн 31 адам каза болуп, 37 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен Ariana News басылмасы билдирди.
Окуя 20-декабрда саат 20:00дөр чамасында болгон. Тоннелдин ичинде өрт чыгып, андан кийин күйүүчү май ташып бараткан жүк ташуучу унаа жарылып кеткен. Маалыматка ылайык, жарылуудан тоннелдин бир бөлүгү талкаланып, азыр оңдоого муктаж.
Ооганстандын саламаттыкты сактоо министри Каландар Эбад Парван жана Баглан ооруканаларына жеткирилген көптөгөн жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык деп билдирди. Учурда өрт өчүрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар