Кыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – УлутстаткомMicrosoft кызматтарындагы глобалдык үзгүлтүк 74 өлкөгө таасир эттиТуман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайыБишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү берди
Ооганстанда өрттөн 31 киши көз жумду
19.12.2022 | 22:23
Ооганстандын Саланг ашуусундагы тоннелден чыккан өрттөн 31 адам каза болуп, 37 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен Ariana News басылмасы билдирди.
Окуя 20-декабрда саат 20:00дөр чамасында болгон. Тоннелдин ичинде өрт чыгып, андан кийин күйүүчү май ташып бараткан жүк ташуучу унаа жарылып кеткен. Маалыматка ылайык, жарылуудан тоннелдин бир бөлүгү талкаланып, азыр оңдоого муктаж.
Ооганстандын саламаттыкты сактоо министри Каландар Эбад Парван жана Баглан ооруканаларына жеткирилген көптөгөн жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык деп билдирди. Учурда өрт өчүрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар