«Кепилдик капиталынын бир сому 10 сом насыя бере алат» – Нургүл Акимова туризмди өнүктүрүү тууралууСоцфонддун өз тизмеси бар. Айрым айылдар жеңилдиктерден кур калдыБишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайттыАжылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырышты
Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды – видео
28.12.2022 | 18:36
Соттун чечимине баш ийбей, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран 25 жаштагы Араван районунун М.У. аттуу тургуну болот. Ал мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
“Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, М.У. аттуу жаранга карата 210 миң сом айып пул салынган. Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз