ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

ИИМдин Күзөт кызматы кирип келе жаткан 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

«Жаңы 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу, Ички иштер министрлиги тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө максатында өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу стратегиялык мекеме-чарбалар жана административдик имараттарга өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы республика боюнча 3 миңден ашуун кызматкер коопсуздукту камсыздайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>