Бишкекте шаар тургуну №1 тергөө абагына 6 литр коньяк алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 27 жаштагы М.М. аттуу жаран (аял киши) чайдын желим идиштерине куюлган конькты тергөө абагында отурган Казакстандын Д.А. аттуу жаранына алып өтүүгө аракет кылган.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз