Атамбаев: 2022-жылы өлкөдө репрессиянын күчөгөнү байкалды

Атамбаев: 2022-жылы өлкөдө репрессиянын күчөгөнү байкалды

Өлкөнүн мурдагы президенти, камактагы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады. Куттуктоо Атамбаевдин «Фейсбуктагы» баракчасында жарыяланды.

Ал куттуктоосунун башында Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга токтолгон.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Ошентип, 2022-жыл да бизден узап бара жатат. Жакшы нерселер көп болду. Жаңы үй-бүлөлөр түзүлдү, балдар төрөлдү, бирок чечилбеген көйгөйлөр жана чыр-чатактар андан көп.

Репрессиялык аппараттын күчөшү, башкача ой жүгүрткөндөрдү, өз пикирин ачык айткандарды жана журналисттерди куугунтуктоо, мыйзамдын алсыздыгы өтүп бараткан жылы өзгөчө байкалды.

Мунун баары Кыргызстандын эркиндик аралы деген аброюн түшүрүп, ички карама-каршылыктарды, өз ара кастыкты күчөтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын өлкө жетекчилери түшүнүш керек.

Элибиз жана бийлигибиз эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жолуна кайтып, улуттук ынтымакка жетишет деп дагы да ишенем. Мажбурлоо жана репрессия менен эмес, бийлик менен оппозиция, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары ачык-айкын сүйлөшүп, бири-биринин пикирин урматтап, угуп баштаганда гана бул жолду кайра табабыз. Ошондо гана өнүгүү болот. Ошондо гана элдин чыныгы жаратман духу жанат», — дейт ал.

Атамбаев кыргызстандыктарга асыл каалоо-тилектеринин орундалышын каалаган.

«Жараткан Кыргызстандын элине кооз жерди, мол сууну тартуулаган. Бизде таланттуу адамдар көп. Тынчтык жана адилеттүүлүк, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо камсыз кылынса, биз албетте ийгиликтүү, өнүккөн өлкөгө айланабыз. Бириксек колдон келет!

Жаңы жылды утурлай, ар бирибиз бала кезден пайда болгон келе жаткан Кереметтин укмуштуудай жылуу сезимине кабылабыз. Бардык кыялдарыбыз орундалат деп ишенебиз! Ошондуктан жаңы 2023-жылы ар бириңиздин эң асыл тилек, оюңуз кабыл болсун! Сиздерге чың ден соолук жана бакыт каалайм! Үйүңүздөр жарык, жылуу болсун! Өлкөбүзгө жана ар бир үй-бүлөгөө тынчтык жана бакубатчылык каалайм! Жаны жылыңыздар менен!», — деген каалоолорун айткан Атамбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>