Кара-Балтада спорттук объект ишке берилди

30.12.2019 | 15:41

Кара-Балта шаарында жаңы спорттук объект ишке киргизилди. Бул  кышкы бассейни 1977-жылы курулган. Ал убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн авариялык абалга келип, акыркы жылдары иштебей турган. Ага республикалык бюджеттен 15 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 11 млн. сом акча-каражат бөлүнүп, ишке берилди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук бассейнди оңдоо-түздөө иштерин жүргүзүү керек деген сунушуту Жогорку Кеңештин депутаты  Бакирдин Субанбеков аткаруу бийлигине жолдогон.

Бул сунуш Өкмөт тарабынан көңүлгө алынып, андан соң тийиштүү тендерлер аркылуу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган бассейн толугу менен ишке берилип, суу спорт сүйүчүүлөрүнө кызмат кыла баштады.

Scroll to Top