Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Чукул билдирүү! Айрым ашууларда кар көчкү түшөт
01.02.2023 | 18:40
Өлкө синоптиктеринин божомолунда 2-февралдан 6-февралына чейин жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
“Эгер, сиз алыскы жолго чыгууну, тоолордо эс алууну пландасаңыз, зарылчылыгы болбосо, башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү коопсуз болсун!”- деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар