Президент Бишкекке келген жаңы автобустарды текшерди – видео

Президент Бишкекке келген жаңы автобустарды текшерди – видео

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.

Өлкө башчы Бишкек шаарына алынган газ менен жүрүүчү автобустардын сапатын текшерип, борбор калаага Кытайдан 120 автобус сатып алынганын жана жакынкы 2 жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздай турганын белгиледи.

Борбор калаа үчүн жаңы автобустар эл аралык стандарттарга жооп берет, 77 орунга ылайыкталган, анын 29у отурганга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттары бар.

Мындан тышкары, автобустар көзөмөл камералары жана мобилдик аппараттар үчүн usb-кубаттагычтар менен жабдылган. Бул автобустар абага бөлүнүп чыккан газдарды бир топ азайтат, бул Бишкек шаарынын экологиясына оң таасирин тийгизет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>