Милиция: Жалал-Абадда төрт жаран “Хизб ут-Тахрирдин” катарынан чыкты
Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында төрт жаран “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Милициядан белгилешкендей, алар буга чейинки жасаган кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жаштарды бул жолго барбоого чакырышты.
“2023-жылдын 1 ай ичинде Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге каршы 78 жолу профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Алдын алуу максатында уюштурулган иш-чараларга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан”, – деп билдиришти милициядан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21 экстремисттик жана террористик уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз