Милиция: Жалал-Абадда төрт жаран «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Милиция: Жалал-Абадда төрт жаран «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында төрт жаран «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, алар буга чейинки жасаган кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жаштарды бул жолго барбоого чакырышты.

«2023-жылдын 1 ай ичинде Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге каршы 78 жолу профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Алдын алуу максатында уюштурулган иш-чараларга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан», — деп билдиришти милициядан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21 экстремисттик жана террористик уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>