Күкүк күйөөлөр көбөйдү. Депутат Баткенде кызын сабаган аялга болушту

Күкүк күйөөлөр көбөйдү. Депутат Баткенде кызын сабаган аялга болушту

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Баткен облусунда эки жашар кызын сабаганы үчүн бир айга камакка алынган аял тууралуу маселени көтөрүп, айыпталган эне үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келгенин айтты.

Анын айтымында, аялдын бир айга камакка алынышына Кадамжай районундагы айылдын тургундары каршы болууда.

«Азыр күкүк күйөөлөр көбөйдү. Балдары үчүн жоопкерчилик алышпайт, жардам беришпейт. Көп аял алууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бирок мыйзам күкүк эркектин укугун коргоду. Апасын балдарынан ажыратып, аны бир айга камакка алышты. Ал баласына кол көтөргөн болушу мүмкүн, бирок биз анын абалына түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек. Буга чейин анын агасы менен атасын атып өлтүрүп кетишсе, өзү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болсо, ушундай учурда психологиялык жардамга муктаж болуп турган аялды эми жарандык никедеги күйөөсү арыз жазып, каматып койду”, — деди эл өкүлү.

Депутат коомчулукту аялдардын укугун коргоого чакырды.

Эскерте кетсек, Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган аял бир айга камакка алынган. Кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Белгилүү болгондой, шектүүнүн мындай кадамга баруусуна күйөөсү менен ажырашуусу себеп болгон. Ал кыздын сабалган видеосун жарандык никедеги күйөөсүнө жөнөткөн. Ал милицияга арыз менен кайрылган.

Кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жиберген аялга иш козголду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>