Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
ЖК пиязды сыртка сатууга тыюу салууну жокко чыгарууну сунуштады
16.02.2023 | 15:07
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине пиязды сыртка сатууга тыюу салуу тууралуу чечимин жокко чыгарууну сунуштады. Тиешелүү токтом бүгүн, 16-февралда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин токтомундагы чечим министрлер кабинетине сунуш иретинде кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 31-январдан тарта пиязды (жана анын түрлөрүн) чет жакка сатууга үч айлык мөөнөткө тыюу салынган. Ага пияздын баасынын кымбатташы себеп болгон.
Учурда дыйкандар министрлер кабинетинин чечимине нааразы болуп, пияздарын сата албагандыктан, алар бузулуп, чыгым тартып жатканын билдиришүүдө.
Бишкекте пияздын баасы 30 сомго кымбаттады. Сатуучулар эмне дейт?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз