«Айымдарыңарды жетелеп келгиле», — Акылбек Жапаров министрлерге

«Айымдарыңарды жетелеп келгиле», — Акылбек Жапаров министрлерге

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров гендердик теңчилик маселесин көтөрүп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жалаң эркектер коштоп жүргөнүн айтты.

“Азыр 35 киши отурат, мындай жооптуу иштерге татыктуу бир дагы аял жокпу? Эмне үчүн бир өңчөй азаматтар келди?” – деп сурады депутат.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мадумаровдун талабы туура экенин, бирок бүгүнкү жыйынга министр айымдар чакырылбагандыгын билдирди.

«Азыр өкмөттө эки аял бар – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри [Динара Кутманова] жана саламаттыкты сактоо министри [Гүлнара Баатырова]. Бирок алар бүгүн чакырылбагандыктан, келишкен жок. Министрлердин аял орун басарлары бар.  Министерлер, эмкиде айымдарыңарды жетелеп келгиле», — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>