Видео: Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

Видео: Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте баңгизат даярдап, сатууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкекте кылмыш жасоо үчүн бир нече кишиден турган кылмыштуу топ түзүлгөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган жарандар баңгизат даярдап, аны Бишкек жана Чүйдүн аймагында социалдык тармактар жана интернет аркылуу сатуу менен алектенери тастыкталган. Акчалар «интернет-капчыктар» аркылуу алынып турган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы К.Д. жана 37 жаштагы Ч.Н. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн баштыкка салынган салмагы 1 кг 832 грамм болгон өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле, шектүүлөр иштеген жерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, баңгизаттар табылган.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 2 килограммды түзгөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>