Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Экс-депутат Ибраевдин уулу өлкөгө экстрадицияланды. Ал эмнеге шектелүүдө?
22.02.2023 | 18:12
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин алдамчылыкка шектелип, Болгарияда кармалган уулу Д. Ибраев Кыргызстанга экстрадицияланып келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Кыргызстанга 15-февралда алынып келген.
Эскерте кетсек, буга чейин, 20-январда, Д. Ибраев Болгарияда кармалганы жана ал Кыргызстанга алынып келинери тууралуу кабарланган.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 млн 821 миң доллар алган. Акча каражатын алган соң, Д. Ибраев изин жашырып кеткен. Ал 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз