Союзбек Надырбеков жетекчилик кызматка дайындалды

Союзбек Надырбеков жетекчилик кызматка дайындалды

Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда министр Алтынбек Максүтов тиешелүү буйрукка кол коюп, Союзбек Надырбековду эмгек жамаатка тааныштырган.

Союзбек Надырбекович биздин министрликке жат киши эмес, буга чейин министрликте орун басарлык кызматты аркалап, өзүн мыкты жетекчи, мыкты мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө алды. Анын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү аталган маданий борбордун ишинин алга жылышына өбөлгө болот деп ойлойм” деп баса белгилеген министр.

Белгилей кетсек, 2021-2023-жылдар аралыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган. Анын ордуна Марат Тагаев келген болчу.

Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун, Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

2009-2013-жж. Бишкек гуманитардык университети – “Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетин бүтүргөн.

2009-2011-жж. Чунг-Анг университети (Корея Республикасы) – “Ички жана тышкы саясат” багыты, 2015-2017-жж. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура), 2017-ж. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган.

Эмгек ишмердиги:

2012 – 2013жж. “Лидер жаштар клубу” КБ Негиздөөчүсү, төрагасы;

2013 – 2015жж. «KGM», азыркы «Luna travel» туристтик компаниясы Башкы менеджер;

2015 – 2017жж. “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фонду Аткаруучу директор;

2017-жылы “Dream K” туристтик компаниясы Башкы директор;

2017 – 2018 жж. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы Инфраструктура, ыктыярчылар жана илим багыты боюнча координатору;

2018 – 2019 жж. “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe”(Сауд Аравия) Координатор;

2019-жылы. Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу;

2019-жылы. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Логистика багыты боюнча жооптуу;

2019 – 2020 жж. Дүйнөлүк этно конфедерациясы Менеджер;

2020 – 2021жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Республика — Ата Журт депутаттык фракциянын катчылыгынын консультанты;

2021-жылы. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Директордун орун басары;

2021-2023-жылдар аралыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>