Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишти
09.01.2020 | 13:02
Кыргызстандагы маалыматтардын чын-төгүнүн изилдеген factcheck.kg басылмасынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишти.
Бул тууралуу factcheck.kg басылмасы Фейсбуктагы баракчасына жазып, журналисттин бетинде сокуунун белгилери бар сүрөтүн жарыялаган.
“Бүгүн түштө редакциянын жанынан спорттук дене түзүлүштөгү 3 бала Болот Темировду уруп-согуп, телефонун тартып алышкан”, – деп жазылат анда.
Жакында эле factcheck.kg сайты Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык тармакка жүктөгөн аксессуарларынын баасын иликтеп чыккан. Мындан көп өтпөй анын сайты хаккердик чабуулга кабылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар