Ошто Увам каналы тазаланып, жээги тосулуудаБишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдөБишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандадыКыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкуулады
Ошто чийки сүт өндүрүү кыскарды
20.03.2023 | 18:56
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстанда чийки сүт өндүрүү 1,6%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аралыкта өлкө боюнча 171 миң 412 тонна сүт өндүрүлгөн. Эң көп 49,4 миң тонна Чүй облусунда өндүрүлгөн. Ошол эле учурда, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 4,2%га өскөн. Бирок, Ош шаарында сүт өндүрүү 26,4%га кыскарган.
Мында ар бир уйдан орточо сүт саап алуу 207,4 килограммды түздү. Өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору сүт саап алуу Чүй (347,4 кг), Талас (289,4 кг) жана Ысык-Көл (240,8 кг) райондорунун чарбаларында байкалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика