Кайгуул кызматы МАИчи бөбөктөргө белек тапшырды (видео)

Кайгуул кызматы МАИчи бөбөктөргө белек тапшырды (видео)

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкекте МАИчинин формасын кийип жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп ойногон балдарга белек тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, балдардын улуусу Алымбек жети, анан иниси Адилет беш жашта. Ал эми, кошунасы Байхан алты жашта.

«Бул бөбөктөр Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат», — деп билдирет кайгуул кызматы.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери балдарга белек бергенден кийин, алардын ата-энесине жолдо унааны тосуп ойноо балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын түшүндүрүшкөн.

Эскерте кетсек, 19-мартта социалдык тармактарда МАИчи болуп ойноп жаткан үч жеткинчектин видеосу тараган. Алар жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, документтерин текшерип ойногон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>