Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
Орусия Кыргызстандын ар бир облусуна мектеп курат
29.03.2023 | 23:53
Орусия ар бир облуска бирден, Бишкек жана Ош шаарларына да бирден мектеп курат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, мектептердин биринчиси 2025-жылы ачылып, орус тилинде окутулушу күтүлүүдө. Ар бир мектепте спорт аянтчалары, бассейндер, чуркоо жана оюн аянтчалары бар 4 корпус болот.
Курулуш толугу менен Орусиянын эсебинен жүргүзүлөт.
Тиешелүү макулдашууга Билим берүү министри Каныбек Иманалиев жана Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов кол коюшту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат