Таласта 110 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди

Таласта 110 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев мамлекет менен «Социалдык келишим» түзүп, жеке бизнесин ачууну чечкен жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон тапшырды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болуп өттү. Сертификаттарды 110 үй-бүлө алышты.

«Социалдык келишим» мамлекет башчысынын демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары ишке ашырылууда. Мындай жардамды мамлекеттен алуу биздин жарандардын аң – сезимин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет-жөлөк пулдарды пассивдүү алуучулардан алар эмгек рыногунун активдүү катышуучулары болуп калышат.

Былтыркы «Социалдык келишим» ишке ашыруунун мониторингине ылайык, жактырылган бизнес-пландардын 59% айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24% тигүү, темир — бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган. Алынган каражаттардын дагы 10% коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Дагы 7% соода тармагында иштешет», — деди министр.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир «социалдык келишим » орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ушул жылы 10 миң контракт түзүлгөн учурда мамлекет 50 миңдей адамдын жашоо шарттын жогорулатууга ниеттенүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>