Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
«Ак-Жол» өткөрмө бекетинде убактылуу чектөө киргизилет
29.03.2023 | 23:20
Эртең, 30-мартта саат 08:00дөн 12:00гө чейин “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Мунун себеби аталган бекеттеги оңдоо иштери менен байланыштуу.
“Биз жарандарды жана айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырабыз. Зарыл болгон учурда жарандар жана транспорт каражаттарынын айдоочулары Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак башка мамлекеттик чек аралары – “Чалдыбар-автодорожный”, “Ак-Тилек-автодорожный”, “Токмок-автодорожный”, “Кең-Булуң-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат“, деп билдирди Чек ара кызматы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика