ТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттүТемирбек Эркинов Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды«Салык Сервис» 2026-жылы салыктык текшерүү процессине жасалма интеллектти киргизет
Эртеңден тарта Бишкекте троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт
04.04.2023 | 19:00
Бишкек шаарында 5-апрелден тарта борбор калаада троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-маршрут Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.
7-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.
10-маршрут Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.
Троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлдү.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутуңуздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом