«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жок
Эртеңден тарта Бишкекте троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт
04.04.2023 | 19:00
Бишкек шаарында 5-апрелден тарта борбор калаада троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-маршрут Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.
7-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.
10-маршрут Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.
Троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлдү.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутуңуздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом