Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайы
Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө токтотулду
14.04.2023 | 11:21
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери токтотулду.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 31-март күнү 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
“13-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 17 куткаруучу, беш милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Бирок, натыйжа болгон жок”, – деп айтылат маалыматта.
ӨКМден белгилешкендей, издөө иштери баланын ата-энесинин макулдугу менен токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом