Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Жер мафиясы: Сокулукта алдамчылыкка шектүү кармалды
14.04.2023 | 11:42
Сокулук районунда жер тилкеге байланыштуу алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жабырлануучу милицияга кайрылып, Д.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. 2021-жылдын июль айында бир адам андан Новопавловск айыл өкмөтүнөн 12 миң долларга жер тилкесин сатып алган. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин ал жер турак-жай курууга арналбаганы белгилүү болгон. Саткан адам акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду», – деп айтылат маалыматта.
Бир күн мурун тергөөчүлөр 57 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом