ЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейт
Түптө бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди
15.04.2023 | 12:43
Ысык-Көлдүн Түп районунун Ой-Тал айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 120 орунду бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакчага жаңы эмеректер сатып алынган.
“СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 млн 568 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом берилген”, – деп билдирет өкүлчүлүк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом