Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Чүйдө 300 млн сомдук алтын ташып бараткан адам кармалды (видео)
19.04.2023 | 12:16
Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 300 млн сомдон ашык баадагы алтын ташып келе жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 17-апрелде товарларды каттаган “Ак-Жол” чек арада пунктунда Чүйдөгү ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC унаасы токтотулган. Анын ичинде тиешелүү документтери жок 84 кг алтын бар болгон.
“Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанга 84 килограмм алтын алып кирүү аракетин көргөндөр кармалганы боюнча түшүндүрмө берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз