Блогерлер инспекторду наркологияга жеткиришти. Окуянын чоо-жайы

Блогерлер инспекторду наркологияга жеткиришти. Окуянын чоо-жайы

Жол кайгуул кызматынын инспектору айдоочунун документтерин алып кетип калган деген билдирүү боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Буга чейин активист Эртай Искаков «Телеграм» каналына видео жарыялап, анда инспектор айдоочунун документтерин алып, аны балдары менен жолдо калтырып, кетип калганын билдирген.

Кайгуул кызматынан маалымдашкандай, 1-майда инспекторлор «Дордой» базары тарапта, Совет көчөсүндө бара жатып, алдындагы унаа кызыл жол чырактан өтүп кеткенин көрүп, аны токтотушкан. Айдоочу документтерин берип, инспекторлордон видеодалил сураган. Бирок жол эрежесин бузган учур видеого түшпөй калган. Ортодо тартыш болуп, айдоочу кетип калган. Анын документтери инспектордо калып калган.

«Инспектор айдоочу документтерин калтырып кеткени тууралуу маалымат берип, рапорт жазып, протокол толтурган», — деп билдиришти Кайгуул кызматынан.

Андан кийин айдоочу блогерлерге кайрылып, эртеси күнү, 2-майда документтерин алуу үчүн келген.

«Блогерлер инспектор «мас болуш керек» деп шектенишкен. Инспектор наркологияга жеткирилип, текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыкты», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Белгилүү болгондой, окуядан кийин Ички иликтөө кызматы кайгуул кызматкеринин ишмердүүлүгү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>