Нарындагы 7 жашар кыздын өлүмү: Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

Нарындагы 7 жашар кыздын өлүмү: Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

Нарындын Орто-Нура айылында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн жубайы, балдары айылдан башка жакка көчүп кетишкен.

Ал эми жергиликтүү тургундун «милиция өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү катары башка адамды кармаган» деген билдирүүсүн облустук милиция комментарийлеп жатып, учурда кармалган адамдын кылмыш жасагандыгы аныкталып, бул боюнча күбөлөр бар экенин маалымдады.

«Күбөлөр шектүү адам маркум кызды (кароосуз үйгө — ред.) «алып кирип бара жаткан» деп айтып жатышат. Алар алыстан көрүп, небереси деп ойлошкон. Шектүүнүн үйүнө барганда, кийимдеринен издер табылып, эспертизага берилген», — деп билдиришти.

Милиция шектүү башында «билбейм» деп кылмыш жасаганын танып жатканын, бирок кийинчерээк мойнуна алганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде саат 21:00 чамасында милицияга Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну кайрылып, кызы ошол күнү саат 12де мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү айыл эли издөө иштерин уюштуруп, саат 22:10 чамасында айылдагы кароосуз калган үйдүн ичинен кыздын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Милиция тарабынан кылмышка шектүү делип 64 жаштагы Ш.Х. аттуу айыл тургуну кармалган. Ал мас абалында болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү эки айга камакка алынган.

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>