“Өлбөс полк” жүрүшүндө Бишкекте кайсы көчөлөр жабылат? Тизме

08.05.2023 | 11:19

Эртең, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата борбор шаарда өткөрүлүүчү  “Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Саат 08:00дөн тартып, саат 11:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

Байтик Баатыр көчөсү  түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

– Фрунзе көчөсү  күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов  көчөсүнөн тартып, С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;

– Кең Чүй көчөсү  күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, С. Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

“Жөө жүрүш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери баардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап беришет”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top