«Өлбөс полк» жүрүшүндө Бишкекте кайсы көчөлөр жабылат? Тизме

«Өлбөс полк» жүрүшүндө Бишкекте кайсы көчөлөр жабылат? Тизме

Эртең, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата борбор шаарда өткөрүлүүчү  «Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Саат 08:00дөн тартып, саат 11:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

Байтик Баатыр көчөсү  түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Фрунзе көчөсү  күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов  көчөсүнөн тартып, С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;

— Кең Чүй көчөсү  күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, С. Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

“Жөө жүрүш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери баардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап беришет”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>