“Арча-Бешик” конушунда 180 орундуу бала бакча курулууда (сүрөт)
Бишкектин “Арча-Бешик” конушунда бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бала бакчанын имараты 2 кабат болуп салынууда. Ал 180 орунга эсептелген. Аянты 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.
“Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан”, – деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы жүргүзүүдө.
[image_carousel source=”media: 189001,189000,188999,188998,188997,188995″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз