Бишкекте түн ичинде велосипед уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте түн ичинде велосипед уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-майда милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, 4-майга караган түнү белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндөгү үйүнүн подъездинен баасы 15 миң сомдук велосипедди уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Г.С. жана 47 жаштагы Н.И. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же маалыматы бар жарандарды 0 (704) 237 309 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>