3,6 млн сомдун каракталышы. Кылмыштуу топтун кармалышынын видеосу

3,6 млн сомдун каракталышы. Кылмыштуу топтун кармалышынын видеосу

Социалдык тармактарда Ошто каракчылык жасогоо шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кармалган видеосу тарады. Видеону BespredelKG социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясы облус жана шаар аймагындагы каракчылык фактылары боюнча кылмыштуу топ кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, аталган кылмыштуу топ Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турат. Алар быйыл январь айында Кара-Сууда болгон куралдуу карактоого аракет жасоого жана апрель айында акча алмаштыруу жайдан 3,6 млн сомдун каракталышына шектелүүдө. Андан тышкары алардын башка да кылмыштарга тиешеси бар экени белгилүү. Кармалгандардын арасында өтө оор кылмыштарды жасаган адамдар бар.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды. Анын ичинде каракталган 3.6 млн. сом фактысы жана Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоого аракет жасоо дагы фактысы бар. Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалды, далил буюмдар алынды», — деп билдиришти милициядан.

Милициядан белгилешкендей, каракчылык фактысы боюнча кармалган кылмыштуу топ тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилет.

«Азыр кылмыштуу топтогу адамдар кайсыл жерден, кантип кармалганы, кимдин кандай ролу болгону тууралуу маалымат даярдалып жатат. Андан тышкары, азыр кармалган адамдардын бир тобу Жалал-Абаддан алынып келе жатат. Алар суракка алынгандан кийин толук маалымат берилет. Бул топтогу адамдардын дагы бир оор кылмышы бар. Алар кызы менен жигитти сабап, телефондорун тартып алган. Жигитти сабап, кызды зордуктаган», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>