«Арча-Бешик» конушунда 180 орундуу бала бакча курулууда (сүрөт)

«Арча-Бешик» конушунда 180 орундуу бала бакча курулууда (сүрөт)

Бишкектин «Арча-Бешик» конушунда бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бала бакчанын имараты 2 кабат болуп салынууда. Ал 180 орунга эсептелген. Аянты 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.

«Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерин «КББ» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>