Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Бишкекте 429 миң сом уурдаган шектүү кармалды (видео)
16.05.2023 | 12:02
Бишкекте уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 20-апрелде К.Р. аттуу жаран кайрылып, курулуш компанияларынын биринин кеңсесинен белгисиз жаран 3,5 миң доллар жана 120 миң сомду уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 429 миң сомду (4 миң 931 доллар) түзгөн.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакк алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз