100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылды
Төө-Ашууда чектөө алына элек. Ага эмне себеп?
22.05.2023 | 20:30
Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, К. Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктары жаңыртылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Мындан улам унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып, оңдоо иштери жүрүүдө.
Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат. 19-майдан тарта киргизилген мындай чектөөлөр болжолдуу 28-июнга чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз