Жалал-Абад: Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу аныкталды

Жалал-Абад: Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу аныкталды

Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, “Чаткал” токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузуп, Чаткал районундагы “Каратюбе-Бузук” участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42,9 га жер аянтына “Э” ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүшүп, ашыкча 18,83 га жер аянтын мыйзамсыз ижарага берип жиберишкендиги аныкталган.

Мындан сырткары, “Э” ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана  218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

  Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>