Бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке кирди

Бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке кирди

Кыргызстанда “Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы” иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, карта пилоттук режимде иштөөдө. Бул карта бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактоого жана башкарууга, аларга медициналык персоналга реалдуу убакыт режиминде жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Система бейтаптардын “оору тарыхынын” санарип жазуусун, борборлоштурулган маалыматтарды сактоону, лабораториялык жана диагностикалык системалар менен интеграцияны, дарыгерлердин кабыл алуу графигин камтыйт. Система медициналык персоналдын ишин жеңилдетүүгө багытталган.  Бейтаптардын статистикасын жана ресурстарды пландаштырууну талдоо үчүн отчетторду жана аналитикаларды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Пациенттин санариптик амбулатордук картасын санариптик ден соолук профили менен интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, бул калкка өзүнүн бардык жеке медициналык маалыматтарын бир жерден алууга мүмкүндүк берет. Бейтаптар өздөрүнүн медициналык “тарыхын”, лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын жана диагностикалык тесттерди оңой ала алышат.

Электрондук медициналык документ жүгүртүүнүн тартиби иштелип чыкты.  Ал медициналык документтерди  алмаштыруучу санариптик чечимдер болгондо кагаз түрүндө жүргүзүүнү жокко чыгарат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>