Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат
Сузакта кызын зордуктап жүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
25.05.2023 | 16:09
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кызын зордуктап жүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге облустук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, иш Сузак райондук сотунда каралып, өкүм бүгүн, 25-майда чыкты. Айыпталуучу 154-берененин 1 жана 4-бөлүгү, 155-берененин 3 жана 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы жаза мөөнөттөрүн кошуу менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Белгилүү болгондой, 43 жаштагы жаран 19 жаштагы кызын кичинекей кезинен бери зордуктап жүргөн. Жабырлануучу быйыл милицияга кайрылып, март айынын аягында шектүү кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз