Садыр Жапаров Москвада ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Москвада ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Эске салсак, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) — Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Россия төрагалык кылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>