Садыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштадыЖогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылдыПодрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылганСадыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады
Жалал-Абадда 71 млн сомго балдар оюн-зоок борбору курулат
25.05.2023 | 18:13
Жалал-Абад шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы балдар оюн-зоок борборун курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, борбор Спутник кичирайонундагы Нооруз сейил багынын аймагында курулат.
Оюн-зоок борборун курууга 71 млн 670 миң 64 сом каралган. Тендер боюнча арыздар 8-июнга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом