Тоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдү
Вице-мэр Орунтаев УКМКга суракка чакырылды
25.05.2023 | 17:45
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, анын суракка чакырылышы Жал кичирайонундагы “Батуми” кафесинин буздурулушу менен байланыштуу.
Орунтаевдин суракка чакырылышы боюнча мэриянын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар комментарий берүүдөн баш тартып, маалыматты ырастаган да, тастыктаган да жок.
Эскерте кетсек, буга чейин “Батуминин” ээлери кафенин түрттүрүлүшү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Жерине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом