Бишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылды
Нарынга 73,3 млн сомго электр автобустар сатып алынат
03.07.2023 | 12:00
Нарын шаарынын мэриясы электр автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, 73 млн 360 миң сомго 5 электр автобус жана 3 кубаттоочу жабдык алуу пландалууда.
Тендер боюнча арыздар 14-июлга чейин кабыл алынат.
Автобустар келишим түзүлгөндөн кийин 90 күн ичинде алынып келиши керек.
Эскерте кетсек, буга чейин Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Нарын шаарына электр автобустар сатылып алынарын билдирген. Ал 76 млн сомго тендерсиз 7 автобус сатып алуу пландалып жатканын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом